​Ирригацияга 5,8 млн. доллар инвестиция тартылган

​Ирригацияга 5,8 млн. доллар инвестиция тартылган
7-Июнь 2019, Жума, 12:28

2017-2018-жылдары мамлекеттик ирригация программасынын алкагында республикалык бюджеттен 905 млн сом, ошондой эле ирригациялык курулуштарды куруу жана реконструкциялоого 5,8 млн. долларлык инвестиция тартылган. Бул тууралуу Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин жетекчиси Кокумбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымында, эки ирргациялык курулуш бүткөрүлүп. 1 миң 134 жаңы сугат жерлери ишке берилип, 2 миң 901 гектар жер суу менен камсыз болуусу жакшырган.

2019-жылы дагы эки курулуш аяктап 430 гектар жерге суу берилип 1 миң 254 гектар жерге суу жеткирүү жакшырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!