Ысык-Көлдө сүт өндүрүү көбөйтүлөт

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Сүт багытын өнүктүрүү долбоору Ысык-Көл областыныда сүт өндүрүүнү 15 пайызга жогорулатат. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, долбоор ишке ашса бир уйдун сүт өндүрүмдүүлүгү 2 миң 47 литрден 2 миң 400 литрге чейин жогорулайт.

Эскерте кетсек, комитет жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын сүт өндүрүү багытын жогорулатуу долбоорун каржылоо боюнча келишим каралып жатат.

Долбоордун жалпы каржылык суммасы 5 млн. долларды түзөт. Анын 2 млн. 250 миң доллары гранттык негизде берилет. Ал эми 2 млн. 750 миң доллары 38 жылга берилүүчү насыя, анын 6 жылы жеңилдетилген убакыт.

Бул долбоорго сүт өндүрүмдүүлүгүнөн тышкары 220 миң баш бодо малды идентификациялоо жана 3 ветеринардык посторду коюуга көмөктөшөт.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!