Жеңилдетилген насыянын көлөмү көбөйтүлдү

17-Май 2017, Шаршемби

Өкмөт айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө берилүүчү жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жеңилдетилген насыянын көлөмүн 50 млн. сомдон 150 млн. сомго чейин жогорулатылды. Өкмөттүн мындай чечими насыялоо шарттарын жеңилдетүү максатын көздөйт.

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагына;

-айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү,

- малдын этин, терисин дана сүтүн кайра иштетүү,

-балык жана анын продукцияларын консервалоо,

-мөмө жана жер жемиштерди кайра иштетүү жана консервалоо,

-өсүмдүк жана малдын майын өндүрүү,

-мал тоюттарын даярдоо,

-жер семирткичтерди өндүрүү,

-айыл чарба продукцияларын сактоо,

-касапканалар,

-сатып алуу, сактоо, жеткирүү үчүн логистикалык борборлор.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!