Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчак 30 өлкөгө экспорттолуп жатат

 Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчак 30 өлкөгө экспорттолуп жатат
18-Окт. 2019, Жума, 11:11

Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчак 30 өлкөгө экспорттолуп жатат. Алардын катарында Түркия, Макендония, Россия, Болгария, Иран, Казакстан жана башка өлкөлөр бар. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигиненн кабарлашты.

Төө буурчакты негизги сатып алуучулар жана экспортко чыгарчулар чарба субъектилери жана жеке ишкерлер болуп саналат. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө мындай 69 субъект бар, салыштырыш үчүн айтсак алардын саны 2018-жылы 51 болгон.

Төө буурчакты чарба субъектилеринде жана аны кабыл ала турган складдарда сортуна жараша 52 сомдон 54-55 сомго чейин баалашууда.

“Ал эми экспорттоочулар төө буурчактын түстүү сорттору болгон «рябая», «скороспелка», «красная юбка» түрлөрүн 42 сомдон 50 сомго чейин, ал эми «Томатная» сортун 35 сомдон сатып алышууда”,-деп айтылат агенттик берген маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!