Кыргызстандан экспорттолгон койдун эти 3,4 млн долларга бааланды

Кыргызстандан экспорттолгон койдун эти 3,4 млн долларга бааланды
25-Окт. 2019, Жума, 14:58

Кыргызстандан экспортко чыгарылган койдун эти 2018-жылы 3 433 млн долларга бааланды же болбосо 787 тоннаны түздү. Бул тууралуу Инвестицияны коргоо жана жайылтуу боюнча агенттиктин анализинде айтылат.

2014-2018-жылдар аралыгында бул тармак боюнча экспорттун баасынын өсүшү 613% болгон. Ошол эле маалда бул төрт жыл аралыгында эсеп жаатындагы экспорттун өсүшү 430 пайызды түздү.

Белгилей кетсек, Иран Кыргызстандын келечектүү рыногу болуп саналат.Ирандан кийинки орунда өлкөдөн жөнөтүлгөн этти импорттоочу бул бул Бириккен араб эмирликтери болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!