​Алча жана коон Кытайга экспорттолот

31-Май 2017, Шаршемби

Үстүбүздөгү жылдан тарта алча жана коон Кытайга экспорттоло баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодуев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы өткөн жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү жогорулайт. Жетишилген келишимге ылайык Кыргызстан Кытайга алча жана коон экспорттой баштайт. Экспорттун өсүшү өкмөттүн “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун ийгиликтүү ишке ашышы менен байланыштуу. Аталган долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя алган фермерлердин саны өскөн. Айрымдары өндүргөн продукцияларын чет өлкөгө чыгарууга жетише алды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын биринчи кварталында экспортко жөнөтүлгөн айыл чарба продукциясынын көлөмү 129 пайызга жогорулаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!