Ирригацияны калыбына келтирүүгө 58,8 млрд. сом керек

13-Июнь 2017, Шейшемби

Кыргызстанда 12 ирригациялык курулушту ишке киргизүү максатында инвесторлорго сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Суу чарба департаменинин жетекчиси Көкүмбек Таштаналиев бидириди.

Анын айтымына караганда, өкмөттүн ирригациялык системаны өнүктүрүү боюнча программасы 3 бөлүккө бөлүнгөн. Биринчи бөлүктө долбоорлор Ислам өнүктүрүү банкынын жана Кытайдын гранттык каражатына киргизилген. Аталган долбоорлор мурда башталып учурда ишке ашырылып жатат. экинчи бөлүктө бир катар курулуштар киргизилген. Ал эми үчүнчү бөлүктө чыгымды көп талап кылган курулуштар киргизилип инвесторлордун кароосуна коюлган.

Аталган программа ишке ашса 65,5 миң гектар жаңы айдоо аянты пайда болот. Программаны ишке ашыруу үчүн 58,8 млрд. сом керектелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!