​Жети миң фермер жеңилдетилген насыя алган

14-Июнь 2017, Шаршемби

“Айыл чарбасын каржылоо 5” долбоорун ишке ашыруунуну алкагында фермерлерге 2,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ата мекендик 7 миң 152 фермерге 2 млрд. 755 млн.сом насыя берилген. Анын 69 пайызы же 1 млрд. 911 млн сому мал өстүрүү тармагына багытталган. Ошондой эле дыйканчылыкка 529 млн. сом берилген болсо, ал эми 314 млн.кайра иштетүү жана айыл чарбасына кызмат көрсөтүүгө жумшалган.

Аймактар боюнча алып караганда жогорку көрсөткүч Жалал-Абад областында байкалган. Аталган областа 507. 1 млн. сомго барабар 1 миң 504 насыя берилген. Ал эми эң аз көрсөткүч Баткен областында 534 насыя алуучу 166 млн. сом насыя алган.

Эң аз көрсөткүч Баткен областында 534 насыя алуучу 166 млн. сом насыя алган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!