​Жайыттарда деградация көйгөйү бар

16-Июнь 2017, Жума

Кыргызстандын жайкы жайыттарынын 40-45 пайызында жер кыртышынын деградация көйгөйү бар. Бул тууралуу “Кыргызгипромземдин” техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Исак Калдыкеев билдирди

Анын айтымына караганда, 1,6 млн. гектардан ашык жерде такырдануу маселеси бар. Мындай жерлер өзгөчө айылдардын тегерегиндеги аймактарда орун алган.

“Мындай болуп жатышыны негизги себеби адамдар жайкы жайыттарды колдонбой калышы болууда. Жолдордун начардыгы көпүрөлөрдүн бузулушу сыяктуу себептерден улам адамдар жайлоолорду пайдаланбай калышкан. Анын оордуна тынымсыз айылдын тегерегиндеги аянттарды токойлорду жайыт катары пайдаланып калышкан. Бул көрүнүш жердин такырданып жер кыртышынын деградацияланышына алып келип жатат",-дейт Калдыкеев.

Ал эми пайдаланылбай жаткан жайыттарда маселе жаралууда. Түшүмдүү өсүмдүктөр жоголуп отоо чөптөр басып калды. Ушуга байланыштуу жер кыртышын эрозиядан сактоо максатында бир катар иштер жүрүп жатат. ошондой эле жайыттарды системалуу пайдалануу аркылуу жайытарды сактап калуу аракеттери болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!