Бодо малды идентификациялоо аяктайт

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 1,5 млн. бодо малды идентификациялоо аягына чыгарылат. Бул тууралуу Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов Жогорку кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, планга ылайык биринчи бодо мал идентификацияланат. Ушул бүгүнкү күнгө чейин 716 миң уй индентификаяланышы керек болчу, учурда план 92 пайызга аткарылды. Анын 70 пайызы бирдиктүү базага киргизилди.

Ал эми жылкылар 2018-жылдан баштап индентификацияланат.

Эскерте кетсек, үй жандыктарын каттоо жөнүндөгү мыйзам 2013-жылы кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!