Кырк беш ирригациялык объект курулат

20-Июнь 2017, Шейшемби

2026-жылга чейинки аралыкта ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасы долбоорунун алкагында жалпы 45 ирригациялык объект курулат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ноокен районунда Келечек каналынын ачылыш салтанатынын учурунда билдирди.

Анын айтымында, долбоордун жалпы наркы 58 млрд. 800 млн. сомду түзөт. Баардыгы болуп 65,5 миң гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Бул долбоорду ишке ашырууга инвестиция тартылат жана 3 баскычта ишке ашыруу каралууда. Жаңы айдоо жерлеринин өздөштүрүлүшү менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, жакырчылыкты жоюу жана айыл тургундарынын ички миграциясын азайтуу көйгөйлөрү чечилет жана ошондой эле 242,7 миң жумуш орун түзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!