Өлкө аймагында тамчылатып сугаруу боюнча окуулар өткөрүлдү

07-02-2017

Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында Израилде чыгарылган тамчылатып сугаруу системинин өзгөчөлүктөрү тууралуу окуулар жүрүп жатат. Бул тууралуу 7-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окутуулар Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын райондорунда тамчылатып сугарууга кызыккан дыйкан-фермерлерди чогултуу жолу менен атайын иштелип чыккан графиктин негизинде жүргүзүлдү. Окутуу иштери аталган облустардын 18 районун камтып, үстүбүздөгү жылдын январь айынын 3үнчү жана февраль айынын 1-декадасында өткөн.

"Окууга 1000ге жакын дыйкан-фермерлер тартылды. Бул ыкма 2015-2016-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кант кызылчасы талаасынын 40 гектарына жана жүгөрү талаасынын 140 гектарына колдонулган. 2016-жылы анын жалпы аянты 180 гектар жерге жетти. Жыйынтыгында айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдөгү бир топ агротехникалык иштер үнөмдөлүп, түшүмдүүлүктөрү жогорулады", - деп айтылат маалыматта.

Шаххан Мырзабеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!