​8 миң жеңилдетилген насыя берилди

28-Июль 2017, Жума

Жыл башынан бери фермерлерге 3,4 млрд. сом насыя берилди. Бул тууралуу Экономика министри Арзыбек Кожошев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн фермерлерине жалпы 8 миң жеңилдетилген насыя берилген. Насыянын көлөмү 3 млрд. 455 млн. сомго барабар.

Белгилүү болгондой өкмөт экспортоочулардын реестрин түзгөн ошондой эле жеңил жана кайра иштетүүчү ишканаларга көңүл буруп жатат. Жыл аягына чейин өндүрүш жана жеңил өнөр жайы менен иш алып бараган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында 3,5 млн. сом берүү каралып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!