Күрүч менен пахтанын аянтын көбөйтүү пландалууда

10-02-2017

Күрүч жана пахтанын аянтын көбөйтүү пландалып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Өкмөттүн тапшырмасы менен мамлекеттин колдоосуна муктаж болгон дыйкандарга жана дыйкан чарбаларды колдоо үчүн 95 долбоор бекитилди. Ошондой эле 7 млн. сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыялар берилди.

“Дүйнөдө пахтанын баасы жогорулап жаткандыгына байланыштуу пахта аянтын 18 миң гектарга жеткирүү каралып жатат. Пахтаны чийки сырье катары сатпастан, аны кайра иштетүү жагы да пландалууда. Ал эми өлкөдө күрүчкө болгон талап жогору болгондуктан күрүч аяттарын 10 миң гектарга жеткирүү зарылдыгы бар”,-дейт Мурашев.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!