​Мал көбөйүп, жайыт тарып баратабы?

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Белгилүү болгондой жайыт бир гана айыл чарба багытында негизги ролду ойнобостон өлкө экономикасында да таасири бар. Ошондуктан бүгүнкү күндө коомчулуктун көңүлүн жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесине буруу өтө маанилүү.

Кыргызстанда айыл чарба жерлеринин жалпы аянтынын 85 пайызын түзгөн жайыттын аянты 9 млн.147 миң гектар. Ал эми, 1 млн. 200 миң га жайыт жерлери Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине тиешелүү.

Жайыттар пайдалануу мезгилине карата төмөнкүдөй аянты ээлейт:

Жазгы-күзгү – 2,955 млн.га (32 пайыз);

Жайкы – 4,129 млн.га (45 пайыз);

Кышкы – 2,063 млн.га (23 пайыз).

Жайыттардын канчасы пайдаланып, канчасы бош жаткандыгы тууралуу так маалыматтар жок.

Такырланган жайыттардын аянты өсүүдө

Малдын башы жыл сайын көбөйүүдө, расмий маалыматтарга караганда бүгүнкү күндө, ири мүйүздүү малдын саны 1,5 млн., кой-эчкинин башы 6 млн. жетсе, ал эми жылкынын саны 0,4 млн. ашуунду түзөт. Малдын көбөйүшү жайыттардын сапатына түздөн-түз таасир бергендиктен, жайыт жерлерин сабаттуу башкаруу жана пайдалануу маселеси курч коюулууда.

Адистердин айтымында жайыттардын такырланышы жыл санап өсүп жатат.

“Ар кандай изилдөөлөргө таянып айта турган болсок бүгүнкү күндө ар кандай деңгээлде такырланган жерлердин аянты жайыттардын 60-70 пайызды түзөт. Изилдөөлөр көргөзгөндөй ушул боюнча жүрүп отурса жайыттардын аянты жылыга 2,5 пайызга кыскарат”,-дейт Жайыт, мал өстүрүү жана балык чарбасы департментинин Чүй областы боюнча адиси Алымкул Карбозов.

Өкмөттүн жайыттарды жөнгө келтирүү саясаты

Малчылык тармагында пайда болгон социалдык жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү максатында 2009-жылы өкмөттүн жайыттарды жөнгө келтирүү саясаты өзгөргөн. Жаңы мыйзам боюнча, мурдагыдай жайырттарды көп жылдык ижарага берүүнүн ордуна, малчыларды мал башына салык төлөө менен чектелүүгө милдеттендирди. Ага ылайык, республикабызда жайыт жерлерин башкаруу боюнча укуктар берилген жайыт пайдалануучулардын 454 бирикмеси түзүлгөн.

Жайыт, мал өстүрүү жана балык чарбасы департментинин Чүй областы боюнча адиси Алымкул Карбозовду пикиринде мындай реформалар малчылардын ортосундагы тең салмактуулукту кайрадан кайтарууга өбөлгө түздү.

“Өкмөттүн жайыттарды жөнгө келтирүү саясаты өзгөргөнгө чейин жайыттарды көп жылдык ижарага малдуу жарандар алып, тиешелүү аянттагы жерлерге башка адамдарга мал жайууга мүмкүндүтү азайтып, же такыр пайдаланбай коюу сыяктуу өзүм билемдиктергее жол берилген, айрымдар көп жылга бөлдүрүп башкага арендага берген учурлар болгон. Мыйзамдын өзгөрүшү менен мындай көрүнүштөр азайды. Жайыт комитеттери түзүлүп көзөмөл жолго коюлду”,-дейт ал.

Жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча аракеттер

Айыл чарба министрлиги тарабынан АРИС, мал чарбасы жана жайыттар илим изилдөө институту, жайыттарды пайдалануучулардын “Кыргыз жайыты” Улуттук ассоциациясы жана башка уюмдар менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлор жайыттарды башкарууну бир кыйла жакшыртууда.

Жайыт жерлерин такырлануудан сактоо максатында малдын жайылышынын графигин, жайыттын сыйымдуулугун так сактоону жеңилдетүү максатында Суусамыр жайыт комитетинде ПРООН-ГЭФ долбоорунун электрондук жайыт ситемасы киргизилген.

“Бул система 2012-жылдан бери иштеп жатат. Бул системанын өзгөчөлүгү жайытка байланышкан баардык маалыматтар электрондоштурулуп жайыт комитеттеринин иш алып баруусун жеңилдетет. Мисалы, аймактагы жайыттардын картасы түшүрүлүп жайыттын сыйымдуулугу канча малга ылайыктуу, чөбүнүн түшүмдүүүлүгү кандай жер кыртышы кандай деген маалыматтар киргизилет. Ошондой эле канча мал бар, жайыт пайдалануучулардын саны сыяктуу маалыматтар топтолгон. Биз ошол жерден көрүп турабыз мисалы кайсы жайытка канча мал барганын, дагы канча барышы керек, мал кандай эмдөөлөрдөн өткөндүгүн билебиз. Ошого жараша жайыт бөлүп жатканда “Жайыт бюллетенин” беребиз. Бюллтенде баардык маалыматтар жазылат”,-дейт Суусамыр жайыт комитетинин төрагасы Зооданбек Асаналиев.

Жайыттарда шарттар түзүлүшү керек

Адистердин пикиринде бүгүнкү күндө малдын негизги бөлүгү айылга жакын жайгашкан, жазгы-күзгү жайыттарда кармалып, бул жайыттар тоодогу алыскы жайыттарга караганда көбүрөөк пайдаланылууда. Мындай абал мал ээлеринин алыскы жайыттарга чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жана шарттарынын жоктугуна байланыштуу.

“Айылга жакын жерде жайгашкан жайыттардын бардыгы такырайып, алыскы жайыттар болсо, пайдалануудан чыгып баратат. Себеби, Советтер Союзу ыдырагандан бери алыскы жайыттардын инфраструктуралары бузулуп жок болгон. Алыскы жайыттардын пайдаланылбай жатышы жапайы отоо чөптөрдүн көбөйүүсүнө жол берилип, малга жагымдуу бетеге сыяктуу чөптөрдүн жоголушуна алып келүүдө. Бул маселелерди чечүү үчүн жайлоолорго барчу жолдорду, көпүрөлөрдү, мал сугаруучу жерлерди куруу же оңдоо сыяктуу инфраструктуралык маселелерди чечүү керек”,-дейт Талас райондук жайыт комитетини жетекчиси А.Касенов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!