​500 миң тоннага жакын эгин жыйналды

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

18-августка карата өлкө боюнча 500 миң тоннага жакын эгин жыйналды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы өлкө боюнча жалпы 176,9 миң гектар жерден эгин орулуп андан баардыгы 478,4 миң тонна эгин чогултулган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,2 миң тоннага көп.

Үстүбүздөгү жылы дан эгиндери Чүй облусунда көбүрөөк айдалган же 99,9 миң гектар жерге эгин эгилген. Ал эми Талас облусунда эгиндин аянты 5,8 миң гектар жерди түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!