Фермерлерге жалпы 4,7 млрд. сом насыя берилди

7-Сен. 2017, Бейшемби, 18:45

8 айдын жыйынтыгы менен “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун алкагында 10,8 миң айыл чарба азыктарын өндүрүүчүгө насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын август айына карата айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө жалпы 4,7 млрд. сом насыя берилди.

Насыянын негизги бөлүгүн мал өстүрүүчүлөр алган. Алар жалпы 3 млрд. сом же насыянын 63,7 пайызын алышып насыя алуучулардын негизги бөлүгүн түзгөн же 8 миң 355 жеңилдетилген насыя алышкан. Ал эми 2 миң 263 дыйканга 788,1 млн. сом берилген. Ошондой эле 192 кайра иштетүүчү ишкана 909,8 млн сом насыя алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!