Экспортко багытталган өсүмдүктөрдүн аянты көбөйтүлөт

16-02-2017

Учурда жазгы айдап-себүү иштерине кызуу даярдык көрүлүп жаткан кез. 2017-жылы экспортко багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү максаты коюлган. Ушул багытта кандай иштер жасалып жаткандыгы тууралуу саресеп салдык.


Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү боюнча айыл-чарба продукциялары алтындан кийинки орунда турат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин билдиргенине караганда өткөн жылы айыл чарба продукциясынын экспорттук көлөмү 12 пайызга өстү же 13 млрд. 135 млн. сомду түзгөн.

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана милиорация министрлигинин билдиргенине караганда, 2017-жылдын жазгы-талаа иштери ар бир аймактын климаттык шартына жараша март айынан башталат. 2017-жылы жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүүдө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча баардык аймактардын өзгөчөлүгү эске алынып жатат. Ошондой эле ЕАЭБ рыногуна багытталган, сатылуу наркы жогору боло турган сапаттуу азыктардын аянттарын көбөйтүүгө басым жасалып жатат.

Ата мекендик ишканаларда сырьёнун көлөмү канча жана мындан ары кайсы өлкөлөргө экспорттолушу боюнча так пландарды иштеп чыгуу милдети Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлгөн. Учурда ушул багытта иштер жүрүп жатат.

Каржылык колдоо

Дыйкандарды колдоо максатында банктар аркылуу 7 млрд. сомго чейин насыялар бериле баштайт.

Өкмөт тарбынан “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоору бекитилген. Долбоордун максаты ата-мекендик өндүрүүчүлөргө жана жеке тараптардын жазгы айдап-себүү иштерин өз учурунда бүткөрүп алуусуна колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ошондой эле мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүү, кайра иштетүү жана айыл чарба кызматтарын көрсөтүү тармагынын алга жылышына каржылык көмөк көрсөтүүнү көздөйт. Ага ылайык мал өстүрүү багытына 18 айга чейин бир жылдык мөөнөттө 10 пайыздык чендеги жеңилдетилген насыя берүү каралган. Ошондой эле, өсүмдүк өстүрүү тармагына берилген насыянын мөөнөтү 24 айга чейин жылдык 10 пайыз менен берилет. Ал эми айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагына 36 айга берилген насыянын бир жылдык пайыздык өлчөмү 6 пайызды камтыйт.

Айдоо аянттары кеңейтилет


Быйылкы жылы кант кызылчасынын, мөмө-жемиштердин, пахтанын жана күрүчтүн аянтын кеңейтүүгө басым жасалат. Тактап айтаканда, дүйнөдө пахтанын баасы жогорулап жаткандыгына байланыштуу пахта аянтын 18 миң гектарга жеткирүү каралып жатат. Пахтаны чийки сырье катары сатпастан, аны кайра иштетүү жагы да пландалууда. Өлкөгө керектүү кум шекердин көлөмүн 100 пайызга камсыздоо максатында кызылчанын аянтын 15 миң гектерге чейин кеңейтүү сунушталып жатат. Ал эми өлкөдө күрүчкө болгон талап жогору болгондуктан күрүч аянттарын 10 миң гектарга жеткирүү зарылдыгы бар.

Күйүүчү май менен камсыздоо убагында жүрөт

Күйүүчү, майлоочу майлар боюнча быйыл эч кандай маселе болбой турганын Айыл чарба министрлиги билдирди.

Дыйкандардын жазгы айдап себүү иштерине өлкө боюнча 42 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керектелет. Учурда майдын керектүү өлчөмүнүн 12 миң тоннасы бар. Дыйкандарды өз убагында май менен камсыз кылуу максатында Айыл чарба министрлиги Нефтитрейдерлер ассоциациясы менен келишим түздү. Келишимге ылайык, мунай ташуучулар дыйкандарга өз убагында базар баасынан төмөн май менен камсыз кылууга милдеттүү. Мунай базаларынан 2 сомго төмөн, ал эми май куюучу жайларда 0,4 сомго чейин ылдый сатылат.

Үрөн маселеси бар

Азыркы учурда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрым түрлөрү боюнча үрөндөр жетишпейт.

Дыйкандар түшүмдүүлүгү жогору болгон үрөндү себиши керектигин белгилеген Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин билдиргенине карганда, өлкөдө арпа, буудайдын үрөнү жетишсиз. Пахтанын уругу 65 пайызга гана камсыз болгон. Жетишпеген буудай жана арпа үрөндөрү мамлекеттик үрөн фондусунан жана дыйкандардан колундагы үрөн менен камсыздалат. Ал эми пахтанын уругу ишкерлер тарабынан коңшу өлкөлөрдөн алынып келинсе, ошондой эле кызылчанын уругу Европадан келип жатат. Ошондуктан үрөн чарбаларын колдоого алуу боюнча концепция иштеп чыгуу зарыл.

Жер семирткич арзан болот
Өлкөнүн дыйкандарын жер семирткичтер менен толук камсыздоо үчүн 340 тонна жер семирткич керектелет. Учурда коңшу өлкөлөрдөн 100 миң тонна жер семирткич алынып келинген. Ал эми ташып келүүчү фирмалар дагы 45 миң тонна жер семирткич алып келерин айтышты. Быйыл жер семирткичтин орточо баасы 12 сомдон болот.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!