​ЕАЭБ: Агро өнөр-жай кеңеши түзүлөт

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:55

Евразия экономикалык биримдигинде агро өнөр-жай кеңеши түзүлөт. Мындай кеңештин түзүлүшү биримдикте айыл чарба рыногунун өсүшүнө оң таасир берет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

ЕАЭБдин өнөр-жай жана агро өнөр-жай комплекси боюнча министри Сергей Сидорскийдин айтымында, 2016-жылы биримдиктин айыл чарба тармагынын өсүшү 4,5 пайызды түзгөн, ал эми учурдагы өсүш 1,5 пайыз болууда.

“2014-2016-жылдарга айыл чарба товарларынын импорту 45 пайызга азайган. Импортту азайтуу иштери кызуу жүрүп жатат. Жыйынтыгында 20 млрд. доллар биримдиктин экономикасында калган”,- дейт Сидорский.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!