​Фермерлер 5 млрд. сомдон ашык насыя алды

12-Окт. 2017, Бейшемби, 15:42

2017-жылдын башынан ушул күнгө карата “Айыл чарбасын каржылоо – 5” долбоорунун алкагында 12 миңден ашык айыл чаба продукциясын өндүрүүчүлөр жеңилдетилген насыя алууга жетишти. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, фермерлерге берилген насыянын жалпы суммасы 5 млрд. 173,5 млн. сомго же 7,55 млн. долларга жетти.

Берилген насыянын басымдуу бөлүгүн же 3 млрд. 345,5 млн. сомун 9,5 миң мал өстүрүүчүлөр алган. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчүлөргө 206 насыя берилип, анын жалпы суммасы 955,5 млн. сомго жеткен, ал эми 2,4 дыйканга берилген насыянын үлүшү 872,8 млн сомго жакындаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!