Фермер: “Казакстан өз рыногун картошка менен камсыздай алат”

19-Окт. 2017, Бейшемби, 12:32

Казакстандын дыйкандары ички рыногун картошка менен толук камсыз кыла алат. Бул тууралуу Картошка жана жашылча-жемиш өстүргөн фермерлердин биримдигинин төрагасы Кайрат Бисетаев "Tengrinews.kz" маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымында, дыйкандар казак өкмөтүнүн Кыргызстандан барган айрым айыл-чарба товарларына чектөө киргизүү боюнча сунушун колдойт.

“Казакстандын айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрү казак өкмөтүнүн Кыргызстандан барган айрым айыл-чарба товарларына чектөө киргизүү боюнча сунушун колдойт. Бул картошканын баасынын кымбатташына алып келбейт. Бул жылы биз жакшы түшүм алдык. Биздин биримдиктин мүчөлөрүнүн кампасы картошкага толду. Жалпысынан 500 миң тонна картошка заманбап кампаларда сакталууда. Бул майга чейин өлкөнү картошка менен камсыз кылууга жетет”,-дейт Бисетаев.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан бери Казакстан чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү. Казак бийлиги кийинчерек бул кадамын коңшу өлкө мыйзамсыз Кытай реэкспортун токтотуу аракети катары түшүндүрдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!