Жеңилдетилген насыянын көлөмү көбөйөт

25-02-2017

Өкмөт фермерлер үчүн жеңилдетилген насыянын көлөмүн 7 млрд сомго чейин көбөйттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана кайра иштетүү тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн белгилүү жеңилдиктер берилет.

“Дыйканчылык жана мал чарбачылык үчүн насыяны төлөөнүн мөөнөтүнүн жылдык ставкасы — 10%. Кайра иштетүү тармагы үчүн жылдык ставка 6 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Фермерлерден арыздар түшкөн, коммерциялык банктар жакын арада арыздарды, акча каражаттарын бөлүү жана берүүнү карай башташат”,-деп билдирди министрликтен.

Шаххан Мырзабеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!