2017-жылы түшүмдүн көп болушу күтүлөт

13-Март 2017, Дүйшөмбү

2017-жылы өлкө боюча айыл чарба өсүмдүктөрүн өстрүүнүн көлөмү жогорулайт. Бул тууралуу айыл чарба өндүрүш комплекси жана Евразия экономикалык биримдиктин айыл чарба продукцияларынын негизги түрү боюнча 2016-2017-жылдарга болгон бирдиктүү болжолдоолорунда айтылат.

Маалыматка караганда, өсүүлөр төмөндөгүдөй болот.

Буудай өндүрүү 14 пайызга жогорулап 1,6 млн. тоннаны түзөт. Кант кызылчасы 44 пайызга жогорулап 250 миң тонна түшүм жыйналышы мүмкүн. Май өсүмдүктөрү 55 миң тоннаны түзүп же 20 пайызга жогорлоосу болжолдонууда. 1,5 млн. тонна картошка жыйналып же 10 пайызга көбөйүшү мүмкүн. Жер-жемиш өндүрүү 19 пайызга жетип же 1,1 пайызга көп жыйналышы болжолдонууда. Ошондой эле мөмө-жемиш өндүрүүнүн көлөмү 245 миң тоннаны түзүп же 3 пайыза жогорулашы күтүлүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!