​Кыргызстан Кытайга продукция экспорттойт

15-Март 2017, Шаршемби

Кытай фитосанитардык жана ветеринардык чөйрөдө кызматташууга даяр. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Пекин шаарында Кытайдын сапатты көзөмөлдөө, инспекция жана карантин боюнча башкы башкармалыгынын директорунун орун базары Сунь Давэй менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандан Кытайга айыл чарба азыктарын экспорттоону жакшыртуунун зарылдыгы айтылды.

К.Жумаканов өз кезегинде Кыргызстан Кытайга сүт, эт азыктарын, бал жана башкаларды экспорттоого кызыктар экенин белгиледи.

Ал эми Сунь Давэй кытай тараптын фитосанитардык жана ветеринардык чөйрөдө эки тараптуу кызматташууну биргеликте алдыга жылдыруу жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!