Кантип чет өлкөдөн бекер билим алса болот?

Кантип чет өлкөдөн бекер билим алса болот?
16-Янв. 2019, Шаршемби, 16:10

Азыркы учурда жаштарга чет өлкөдөн бекер билим алуу мүмкүнчүлүктөрү көп. Кыргызстандагы Эл аралык тил борборлору чет өлкөлүк ЖОЖдор менен келишим түзүп, көпчүлүк студенттердин кыялын орундатууга салымдарын кошуп келишет. Бөлүнгөн гранттарга кандай талаптар менен тапшырууда эң негизги эреже: стипендия жана чет жерден билим алууга гранттар жөнүндө канчалык эрте маалымат чогултуп баштасаңар, ошончолук ийгиликке мүмкүнчүлүк көп болот. Ошондуктан баарын кийинкиге калтыргандын зарылчылыгы жок.

“Perspective”дин башкы директорунун айтымында,грант алуу үчүн кайсы шаарга, кайсы программа менен, ал жактын тартибин, талаптарын жана кайсы окуу жай экенин тандап алуу зарыл. Тапшыруучуларга кандай талаптар коюлганын билип алуу шарт. Мисалы, Кытайдан гранттар экиге: толук гранттар жана жарым-жартылай грант болуп келет. Толук грант болгондо акысыз окуу жана жатакана менен камсыз болот, буга кошумча ай сайын стипендия берилет.Ал эми жарым-жартылай грантта стипендия жок, окуусу бекер болуп, бирок жатаканасына төлөп калат.

Кыргызстанда азыркы учурда кытай тилин үйрөнүп жаткандардын саны күн санап өсүүдө. Алар Кытайга билим алууга борбордогу Эл аралык тил курстар аркылуу кетүүгө мүмкүнчулуктөрү көп. Эл аралык “Perspective”, “StudyDon”, “Smartcostudy.kg” тил курстары аркылуу дагы көптөгөн Кыргызстандын жаштары билим алууга Кытай мамлекетинин чоң жана кичи шаарларына кетип жатышат.

“Тил борборлору аркылуу төмөнкүдөй талаптарды колдонуу менен бирге документтерин топтоп тапшырууга жаштардын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк:

1) күбөлүгүңөрдө/дипломдоруңарда баалар жакшы болсо,

2) ар кандай конкурстарга катышкан деген сертификаттар болсо

3) тилди канчалык деңгээлде билет деген HSK 4 сертификатынан төмөн болбош керек.

Бүт керектүү документтерди чогултуп Кытайга жибергенден кийин толугу менен өттүм деп 100% ишеним менен жүрүүгө болбойт. Себеби бул жактан кеткен документерди Кытайдын ЖОЖдору карап чыккандан кийин ырастаманы Пекиндин гранттар боюнча комиссиясы берет”,-деди “StudyDon” тил борборунун кош-негиздөөчүсү Н. Нурланов

Негизинен чет өлкөнүн окуу жайларына жылдын башында гранттар бөлүнүп, каттоо январь айынын ортолоруна жакын башталат. Окуу жайларга жараша каттоо күнү дагы ар кандай бүтүп калат. Жалпысынан Кытайдын ЖОЖдоруна каттоо март айынын ортолоруна жакын бүткөн болот.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!