“Мектепке электрондук каттоо” автоматташтырылат

“Мектепке электрондук каттоо” автоматташтырылат
24-Янв. 2019, Бейшемби, 13:12

Жакында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкек шаарындагы мектептин директорлоруна “Мектепке электрондук каттоо” долбоордун презентациясын өткөрдү. Бул долбоордун негизги максаты балдардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарынын биринчи класстарына кирүүдөгү маалыматтарын каттоо, эсепке алуу процесстерин автоматташтыруу аркылуу ар бир баланын билим алууга болгон мүмкүнчүлүгүн камсыздоо жана коррупциялык схеманы жоюу болуп саналат. Биринчиден болуп “Мектепке электрондук каттоо” Бишкек шаарында пилоттолот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!