Орус тилине кызыккандар көбөйүүдө

Орус тилине кызыккандар көбөйүүдө
5-Фев. 2019, Шейшемби, 11:02

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева Россиянын билим берүү министри Ольга Васильева менен биргеликте “Билим берүү” тармагы боюнча кызматташууну талкуулашты. Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги жеке баракчасына кабарлады.

Жолугушуу Гульмира Кудайбердиеванын Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушууда ар тармактан кызматташууну жана билим берүү тармагын жогорулатуу боюнча талкуулашты.

Кыргызстан дайыма Россияны стратегиялык өнөктөш катары эсептеп келген, ошондуктан билим берүү чөйрөсүндө кызматташууга даяр. Атап айтканда, биздин өлкө үчүн математикалык жана илимий билим берүү боюнча, ошондой эле мугалимдердин деңгээлин жогорулатуу кызыктырат” – деп билдирген Гульмира Кудайбердиева.

Ольга Васильева орус тилине кызыккандардын саны көп экенин айтып өттү.

Акыркы жылдары Кыргызстанда орус тилине кызыккандардын саны арбыды, Россиянын билим берүү порталын 37 миңден ашуун адам колдонуп жатат. Акыркы 2 жылдын аралыгында орус тилге кызыккандардын саны 3 эсеге өскөн. Орус тилинен олимпиадаларга катышкан окуучулардын саны 70,200гө жетет” – деп билдирди Ольга Васильева.

Ошондой эле, эмгек мигранттардын балдары үчүн билим берүү аянтчаларын уюштуруу жана мугалимдерди даярдоо үчүн активдүү кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Андан сырткары Кыргызстандын эң мыкты деп аталган 100 окуучу Артекке эс алуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады