Бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салынды

27-Апр. 2017, Бейшемби

Кыргызстандын мектептериндеги 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүү кечесин 20-июнда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министр Гүлмира Кудайбердиеванын буйругуна ылайык, орто билим берүү уюмун аяктоо жана орто жалпы билими тууралуу аттестат берүүгө арналган салтанаттуу иш-чаралар 20-июнь күнү мектептерде өтөт.

Иш-чараларга билим берүү башкармалыктарынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана ата-энелер катышат.

Билим берүү башкармалыктары жана мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу, бүтүрүү кечелерине материалдык жана каржылык чыгымдарды чектөө маселеси боюнча ата-энелер жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелер комитетинин төрагалары менен жолугушууларды өткөрүү тапшырылган.

Мыйзамсыз акча чогултууга дисциплинардык төлөтүүдөн тарта мектеп директорун кызматтан алууга чейинки чаралар колдонулат.

Ошондой эле, бүтүрүү кечелерин түндөсү мектептин аймагына, оюн-зоок мекемелерине, кафе-ресторандарга жана жаратылышта өткөрүүгө тыюу салынат. Салтанаттуу иш-чаралар учурунда бүтүрүүчүлөрдүн ден соолугун жана өмүрүн коргоого мектеп директору жана педагогикалык жамаат жеке жоопкер болушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!