Билим берүү бөлүмүнө кылмыш иш козголду

10-Май 2017, Шаршемби

Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн финансылык документтерге туура эмес маалыматтарды жазуу менен айлык акыларды мыйзамсыз сарпташкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай мыйзам бузуу акыркы эки жылдан бери жүргүзүлүп келген. Мындан сырткары, бухгалтердик документтерди жүргүзүү жана өкмөттүн «Билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине айлык акы берүүнүн жаңы шарттары» жөнүндө токтомунун талаптары аткарылган эмес. Натыйжада, жалпысынан мамлекетке 2 миллиондон ашык зыян келтирилген.

Мындан улам Ош областынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчике чыгаруу жана убактылуу имратты жокко чыгаруу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз сарптоо беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!