Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда

Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
15-Июнь 2019, Ишемби, 14:43

25-июндан 29-июнга чейин Бишкекте № 2 орто мектепте Марий Мамлекеттик университети бүтүрүүчүлөр үчүн онлайн-тестирлөө өткөрөт.

Университетин баракчасында маалымдалгандай, киришүү сынагы үч сабак боюнча өткөрүлөт.

Гуманитардык бөлүмүнө тапшыруу үчүн орус адабият, чет тил жана география сабактарынан экзамен тапшыруу керек.

Мындан тышкары башка багытка тапшырам десеңиз математика, физика, биология жана химия сабактарынан экзамен тапшырылат.

Университет кийинки багыттар боюнча окутат: «Эл аралык мамилелер», «Экономика», «Менеджмент», «Биология», «Экология», «Физика», «Журналистика», «Лингвистика», «Математика жана информатика», «Айыл-чарба инженери» жана башка багыттар боюнча.

Марий Мамлекеттик университети Россиядагы Марий Эл Республикасынын Йошкар-Ола шаарында жайгашкан. 1972-жылы ачылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!