Жалпы республикалык тестирлөөдөгү эң жогорку балл 238 болду

Жалпы республикалык тестирлөөдөгү эң жогорку балл 238 болду
18-Июнь 2019, Шейшемби, 15:01

Жалпы республикалык тестирлөөдөгү (ЖРТ) эң жогорку балл 238 чегинде болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 43 миң 440 окуучу катышкан. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтө турган чектен 27 миң 19 же болбосо 62,2 пайыз окуучу тапшырып өтүштү. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 57 пайызды түзгөн.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн 2019-жылдагы орточо баллы 119,5 ал эми 2018-жылы – 119,4, 2015-жылы – 114 баллды түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР