​Кыргызстанда 60 миң бүтүрүүчү окууну аяктады

​Кыргызстанда 60 миң бүтүрүүчү окууну аяктады
24-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 15:48

Кыргызстанда мектепти быйыл 60 миң бүтүрүүчү аяктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн, 24-июнда баардык мектептерде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билими жөнүндө күбөлүктөр тапшырылды. Буга байланыштуу орто мектептерде салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!