​Абитуриенттер үчүн атайын сайт ачылды

​Абитуриенттер үчүн атайын сайт ачылды
9-Июль 2019, Шейшемби, 11:40

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер үчүн атайын сайт ачты. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдады.

Маалыматка ылайык, "www.university.edu.gov.kg сайты "Ачык өкмөт" долбоорунун алкагында ачылды. Бул сайтта бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес университеттердин тизмеси көрсөтүлгөн. Ошондой эле окуу жайлар тууралуу маалыматтар менен таанышып, байланышуу үчүн телефон номерлери жазылган.

Абитуриенттер үчүн портал жогорку окуу жайды туура тандоого көмөк көрсөтүү максатында ишке берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!