Эл аралык олимпиадада эки окуучу коло тагынды

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандын мектеп окуучулары Астанада (Казакстан) өткөн окуучулар арасындагы 51и эл аралык химия предмети боюнча Менделеев атындагы олимпиадада коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Олимпиадага Кыргызстандан ар кайсыл аймагынан 7 мектептин окуучулары катышты. Аларды мугалимдер Бакыт Боркоев жана Калыйпа Салиева жетектеп барган. Олимпиаданын жыйынтыгында 11-класстын окуучусу Эржигит Абдыкерим (Ош) жана 10-класстын окуучусу Ильяс Батырбеков (Талас) коло тагынышты.

Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева байгелүү орунга ээ болгон окуучулар жана мугалимдер менен жолугушүп, аларга ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, Астанда өткөрүлгөн химия предмети боюнча эл аралык олимпиадага 22 өлкөдөн 120 окуучу катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!