Бала бакчага электрондук кезек менен 48 миң бала кирди

Бала бакчага электрондук кезек менен 48 миң бала кирди
21-Авг. 2019, Шаршемби, 12:15

Кыргызстанда электрондук кезек менен бакчага 48 миң бала кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, долбоор ишке аша баштагандан тарта 48 миң бала бакча босогосун аттады.

Жалал -Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ысык-Көл аймактары да "Электрондук кезек" программасына кошулууга кызыкдар экени маалыматта айтылат.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2017-жылы "Бала бакчалардагы электрондук кезек" долбоору иштелип чыккан. Бишкек, Ош шаарларында 2018-жылдын март айынан тарта иштей баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!