Быйыл 156 миңден ашык бала 1-класска барат

Быйыл 156 миңден ашык бала 1-класска барат
21-Авг. 2019, Шаршемби, 16:05

Кыргызстанда быйыл 156 миңден ашык бала 1-класска барат. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 22981 жеткинчек мектеп босогосун алгач ирет аттаса, Чүйдө 23600, Ош шаарында 11069, Ош облусунда 22210, Нарында 13982, Ысык-Көлдө 15182, Жалал-Абад аймагында 25257, Баткенде 11443, ал эми Талас облусунда 10540 бала 1-класска барат.

Ошондой эле, быйыл 1-класстан 11-класска чейин жалпы окуучулардын саны 1 миллион 268 миңди түздү.

Эскерте кетсек, быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туура келип калгандыктан окуу жылы 2-сентябрда башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!