Мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйтүлөт

Мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйтүлөт
23-Авг. 2019, Жума, 12:30

Мугалимдердин айлыгы октябрь айында 30 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан август кеңешмесинин жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, билим берүү тармагында эмгектенген 5-6-категориядагы 120 миң адистин маянасы жогорулайт. Айлык ушул жылдын 1-октябрынан баштап көтөрүлөт деп пландалууда.

"Октябрдан декабрга чейинки үч айга 2 миллиард сом каралган. Ал эми 2020-жылы маяна үчүн бюджеттен сегиз миллиард сом бөлүнөт. Каражат булагы табылды", - деп билдирди Абылгазиев.

Эскерте кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!