Сокулуктагы 17 мектептин ата-энелери жана мугалимдери бир чечимге келишти

Сокулуктагы 17 мектептин ата-энелери жана мугалимдери бир чечимге келишти
27-Сен. 2019, Жума, 11:12

Сокулук районунда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун башчылыгы астында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Сокулуктан 17 орто мектебинин директорлору, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси, жергиликтүү бийликтин жана мектептердеги акча чогултууга каршы чыгып жаткан ата-энелер тобунун өкүлдөрү катышты.

Каныбек Исаков мектептердеги ар кандай мектеп фонддору ата-энелердин нааразылыгын жаратып, бир нече жылдан бери курч маселелердин катарында турганын белгиледи. Министр жыйындын катышуучуларына конструктивдүү сүйлөшүү жолу менен маселени чечүү жолдорун сунуш кылууну айтты.

Мектеп директорлору түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бир жолу катары ата-энелер чогулткан акчанын бирдиктүү суммасын бекитүүнү сунуштады. Ата-энелердин өкүлү Чынара Апиева бул процесс ачык-айкын болуш керектигин талап кылды. Апиева билим берүү мекемесиндеги коопсуздук кызматынын, пол жуучу кызматкердин эмгегин жана майда чыгашаларга кеткен каражатты камкордук кеңештери гана көзөмөлдөсүн деген сунушун билдирди.

Министр көп балалуу, аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар үй-бүлөлөрдү эске алуу менен, алардан каражат топтоодон бошотууну белгиледи.

Мындан сырткары топтолгон каражатка мектеп жетекчилери аралашпай, ата-энелер акчаны атайын терминалдарга гана салып, эсепти өздөрү көзөмөлдөшү керек деген пикирин айтты. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн адистерге атайын автоматташтырылган программаны иштеп чыгууну тапшырды. Мында ар бир ата-энеде каражаттын кайда жумшалып жатканын онлайн көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Жыйынтыгында топтолгондор бир пикирге келип, мындан ары мектеп фонддоруна чогултулуучу каражаттын суммасын ата-энелер өздөрү аныктап, аны көзөмөлдөө вазыйпасы да аларга жүктөлмөй болду. Мектеп жетекчилилери бул жараянга такыр кийлигишпөөгө макул болушту.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн