Каныбек Исаков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Каныбек Исаков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады
4-Окт. 2019, Жума, 11:56

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Министр куттуктоо сөзүндө мугалим деген улуу атты – адамдарды чексиз сүйгөн, боорукердик менен акылмандыкты айкалыштырган, тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсандар алып жүрөт деп белгиледи.

"Сиздер урматтуу билим берүүнүн устаттары, жүрөгүңүздөрдөгү жылуулукту, жан дүйнөңүздөрдөгү асыл баалуулуктарды, акыл-сезимиңиздердеги эң асыл сапаттарды жаштарга арнаган сыймыктуу да, ардактуу да, жооптуу да кесиптин ээси болосуздар.

Сиздер бүтүндөй өмүрүңүздөрдү, жан-жигериңиздерди жаштарга терең билим, татыктуу тарбия берүүгө арнап келе жатасыздар. Күн сайын өзүңүздөрдүн билим казынаңыздарды байытып, тынымсыз изденип, руханий байлыкты балдардын акыл-парасатына сиңирип, эгемендүү Кыргызстаныбыздын адам ресурсун өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошуп келүүдөсүздөр" - деди Каныбек Исаков.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы жыл сайын 5 октябрда белгиленет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн