Билим берүү министри Нарындагы авариялык мектепке барды

Билим берүү министри Нарындагы авариялык мектепке барды
14-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 12:59

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жумуш сапары менен Нарын облусунда болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган маалыматка ылайык, министр Нарын районуна караштуу Дөбөлүү айылында жайгашкан Казаалы Абиров атындагы орто мектебине барды. Кырдаалга карата түзүлгөн шарттар менен таанышып, жаңы мектеп салына турган жер аянтын көрүп, курулушту тездетүү боюнча мүмкүнчүлүктөр караларын белгиледи.

Жолугушууда министр мектеп жамаатына окуу процесске колдонуу үчүн 4 ноутбук, окуучуларга пайдалуу окуу жана адабий китептерди белекке берди.

Ошондой эле октябрдан тарта мугалимдердин айлык акысы 30%га көтөрүлгөндөн кийин К. Абиров мектебиндеги ар бир педагог канча маяна ала турганы боюнча да маалымат берди.

Бул мектепте жалпы 162 окуучу билим алат. 21 мугалим жана 8 көмөкчү кызматкер эмгектенишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!