Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат

Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
16-Окт. 2019, Шаршемби, 17:34

Билим берүү системасындагы кызматкерлердин айлык акысын эсептөөнү автоматташтырылган системага которуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин айлык акысын автоматташтырууга которуу менен буга чейин аныкталып келген негизсиз маяна алган “өлүү жандарды” жокко чыгарууга жана эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт.

Учурда борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө жүргүзүп келет. Айрым район, шаарларда эмгек акыны төлөө боюнча ченемдик-укуктук актылар бузулган учурлар кездешет.

Эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүнесе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз которуу, каражатты максатсыз пайдалануу жана бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзгөн учурлар аныкталган. Бул билим берүү кызматкерлерине эмгек маянасын эсептөөдөгү бирдиктүү системанын жоктугун билдирет.

Министрлик бул программаны иштеп чыгуу үчүн учурда техникалык талаптарды даярдап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Бактылуу жашоонун формуласы
Бактылуу жашоонун формуласы
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
 Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат