Квалификацияны жогорулатуу дистанттык жол менен жүргүзүлөт

Квалификацияны жогорулатуу дистанттык жол менен жүргүзүлөт
18-Окт. 2019, Жума, 11:26

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу дистанттык жол менен жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Окутуунун жаңы дистанттык ыкмасы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын өзгөрттү. Эгер мурда мугалимдер эки жума лекция, семинарларды угуп, реферат жазышса, азыр педагогдор бир апта дистанттык түрдө окуп, экинчи жумасында Бишкекте практикадан өтөт. Окутуунун жыйынтыгында алар өз иштерин коргоп, электрондук тесттен өтүшөт.

Буга чейин курстардын тематикасы теориялык билимди өнүктүрүүгө багытталса, азыр окутуунун темалары мектеп, бала бакча боюнча практикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Педагогдорго жаңы билим берүү да үйрөтүлүп, максат коюу технологиялары, өз ара интерактивдүү байланышуу, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу боюнча практикалык жөндөмдөр үйрөтүлөт. Бул ыкма окуудан өткөн педагогдордун санын жылына 2000ден 8000ге чейин жеткире алат.

Мындан сырткары дистанттык окутуу республикалык бюджеттен каржыланган мугалимдердин командировакалык чыгашасын эки эсеге азайтат.

Дистанттык окутуу бул жылы Чүй облусундагы мугалимдер үчүн уюштурулду. 2020-жылан тартып бул ыкма өлкөнүн бардык облустарында жүрүзүлө баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ошто уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды
​Ошто уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды
Абылгазиев коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча жыйын өткөрдү
Абылгазиев коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча жыйын өткөрдү
Унаа салыгынан бюджетке 843 млн сом түштү
Унаа салыгынан бюджетке 843 млн сом түштү
БУУда Түркия сынга алынды
БУУда Түркия сынга алынды
Жээнбеков: Парламентаризм өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болорун жакшы түшүнөбүз
Жээнбеков: Парламентаризм өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болорун жакшы түшүнөбүз
Кайсы азыктар кандай витаминге бай?
Кайсы азыктар кандай витаминге бай?
Бала бакча башчылары электрондук кезек боюнча окуудан өтүп жатат
Бала бакча башчылары электрондук кезек боюнча окуудан өтүп жатат
2019-жылы бюджеттегилерге 52 млрд сомдон ашык айлык бөлүнгөн
2019-жылы бюджеттегилерге 52 млрд сомдон ашык айлык бөлүнгөн
Мамлекеттик кызматкерлердин командировкасына 1 млрд сом сарпталды
Мамлекеттик кызматкерлердин командировкасына 1 млрд сом сарпталды
Уюлдук байланыш үчүн өкмөт 29.5 млн сом короткон
Уюлдук байланыш үчүн өкмөт 29.5 млн сом короткон
Дарыканаларды медициналык беткаптын баасын көтөрбөөгө чакырышты
Дарыканаларды медициналык беткаптын баасын көтөрбөөгө чакырышты
Эгерде ооруп калсаңыз жумуртка сизге кам көрөт!
Эгерде ооруп калсаңыз жумуртка сизге кам көрөт!
Бишкекте пенсионерди өлтүрүүгө шектүү катары небереси кармалды
Бишкекте пенсионерди өлтүрүүгө шектүү катары небереси кармалды
 30-декабрь: абанын температурасы +11 градус болот
30-декабрь: абанын температурасы +11 градус болот
"Манчестер Юнайтед" жетекчилигинин үйүнө кол салышты (видео)
Мэрия шаарды таштандыга толтурган мекемелерге рейд жүргүздү
Мэрия шаарды таштандыга толтурган мекемелерге рейд жүргүздү