ММУнун Ош шаарына курула турган филиалынын 3D көрүнүшү (видео)

ММУнун Ош шаарына курула турган филиалынын 3D көрүнүшү (видео)
25-Окт. 2019, Жума, 12:19

Күн мурун билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташуу мамилелерин талкуулашкан.

Жолугушууда тараптар Ош шаарында ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иштөө шарттары, окуу жайдын имараты тууралуу жагдайларды сүйлөшүшкөн.

Министрликтин басма сөз кызматы жаңы окуу жайдын имаратынын курулушу бир айдын ичинде баштала тургандыгын кабарлады.

Окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттер окутулат.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Бактылуу жашоонун формуласы
Бактылуу жашоонун формуласы
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
 Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат