Жалал-Абадда мектепти 1421 окуучу бүтүрдү

25-Май 2017, Бейшемби

Жалал-Абад шаарындагы 22 мектепти быйылкы жылы 1421 окуучу бүткөрүп, турмуш жолуна аттанышты. Аларга шаар жетекчилери ак жол каалашты. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын милдетин аткаруучу Турдалы Темрбаев Жалал-Абад шаарындагы №9 Р. Санатбаев атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында болуп, бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү майрамдары менен куттуктады. Үстүбүздөгү окуу жылында аталган мектептен жалпысынан 1400 окуучуга сексен мугалим билим берген. Ал эми он биринчи классты 42 окуучу аяктап жатышат.

“Бүгүн айрыкча бүтүрүүчүлөрдүн эсте кала турган күнү болуп жатат. Себеби, сиздер турмуштун чоң жолуна аттанып жатасыздар. Он бир жыл бою ушул мектепте агай, эжейлерден билим, тарбия алдыңыздар. Мына бүгүн билинбестен убакыт өтүп, ушул алтын уядан учуп жатасыздар. Сиздерди тарбиялап, өстүрүп, билим берген ата-энелерге, мугалимдерге ыраазычылык билдирем. Урматтуу бүтүрүүчүлөр” Биз ишенген, кесипкөй, илимдүү инсан болууга жетишиңиздер. Келечекке карай таштаган кадамыңыздар байсалдуу болсун”, - деди ал.

Мектепте жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан, ата-энелер тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Салтанаттын соңунда мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Ушундай эле салтанаттуу иш-чаралар шаардагы бардык мектептерде өткөрүлдү. Атай кетсек, Жалал-Абад шаарындагы №21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебине Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева барып, бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Андан сырткары, шаардагы №4 мектеп-гимназиясында Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакыт Байтиков болуп, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында 11-классты 659 окуучу, ал эми 9-классты 1421 окуучу бүтүрүп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!