Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт

Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
14-Ноя. 2019, Бейшемби, 10:57

Декабрь айынан тартып Билим берүү жана илим министрлиги онлайн режимде мектеп окуучуларынын альтернативалык олимпиадасын өткөрөт.

Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, олимпиаданын максаты - билим берүүнүн сапатын көтөрүү менен бирге эле, таланттуу балдарды табуу.

Алтернативалык олимпиада математика, физика, химия, биология жана информатика предметтеринен өткөрүлөт. Ал эми буга чейин болуп келген кадимки олимпиада да өткөрүлүп, аны менен катар эле тандоо туру онлайн форматта башталат. Окуучулар үйдөн же мектептен туруп эле, предметтерди интернет аркылуу тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал үчүн сайтка катталып, тапшырмаларды ийгиликтүү ишке ашырып кийинки турларга өтүшөт. Албетте ар бир тур үчүн тапшырмалардын деңгээлдери жогорулап, татаалданат.

Ошондой эле окуучулар мурда бир эле предметтен олимпиадага катыша алса, эми бир нече предметтерден параллелдүү тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бериле турган тапшырмалар эл аралык методикага жана талаптарга ылайык түзүлгөн. Тандоо туру онлайн жана кадимки режимде окуу жылы ичинде жүргүзүлөт.
I-II этаптары – 2019-жылы декабрь айы – 2020-жылы январь айында онлайн-режимде, III, IV, V этаптары – 2020-жылы февраль-апрель айларында офлайн-режиминде болуп өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!