Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын техникалык жардамы менен 7-11-класстын мугалимдерин математика, физика, химия, биология жана география предметтери боюнча жаңы билим берүү стандарттарын окутуп жатат.
Өлкө боюнча жалпы 10 000 педагогду окутуу пландалганы тууралуу маалымат “Пландаштыруу, башкаруу жана сектордун иш-аракетинин дареметин арттыруу” семинарында айтылды.
Министр Каныбек Исаков семинарда талкуулай турган маселелердин баары өтө маанилүү экендигине токтолуп, ал аркылуу мектеп реформасы кайсы багытта өнүгүшү керек деген өзөктүү суроого жооп издешибиз керек деди.
"Бүгүн коомчулук бизден мектептеги окутуунун сапатын кантип көтөрөбүз, окуу китептери кандай болушу керек жана эң башкысы - мугалимдин аброюн кантип көтөрүп, анын кесиптик чеберчилигин кантип арттырабыз деген суроолорго жооп күтүп жатат", – деди министр.
Ошондой эле, семинарда мугалимдин кесиптик стандартынын болжолу, аттестациялоо, мугалимдин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү жана аны күндөлүк педагогикалык практикасына ишке киргизүү суроолору талкууланды. Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү: билим берүү системасын бекемдөө” долбоору тарабынан уюштурулду.