Кыргызстандын колледждеринде бизнес ачууну окутуу киргизилет

Кыргызстандын колледждеринде бизнес ачууну окутуу киргизилет
16-Янв. 2020, Бейшемби, 04:23

Кыргызстандын колледждеринде быйыл иш ордунда окутуу киргизилет. Бул тууралуу кесиптик техникалык билим берүү тармагын колдоо, өнүктүрүү, бекемдөө боюнча байкоочу кеңештин отурумунда белгилүү болду.

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтамында, ушул тапта орто кесиптик билим берүү системасында иш ордунда окутуу концепциясы иштелип жатат.

"Инклюзивдик өсүү көндүмдөрү" программасы колледждерди реформалоого багытталган. Азыр ар бир аймакта алдыңкы тажрыйба борборлору уюштурулууда, алардын базасында реформалар сыноодон өтөт. Биз быйыл окуу пландарынын маңызы, структурасын кайра карап чыгууну көздөп жатабыз. Анын жыйынтыгында колледждин ар бир бүтүрүүчүсү заманбап кесиптик шык-жөндөмдөн сырткары, ишкерликти үйрөнүшү керек. Бул ага бизнес ачууга жардам берет. Ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу каралган, алар азыркы талаптарга жооп бериши зарыл", - деди Өмүров.

Отурумда белгилүү болгондой, быйыл алдыңкы тажрыйбалар борборлорунун базасында иш ордуна окутуу сыноодон өтөт. Ошондой эле бул борборлордо ишкердик боюнча модулдар окуу планына киргизилет.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын ноябрь айында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кесиптик Кыргызстандагы орто билим берүү мекемелеринин башчылары менен жыйын өткөрүп, бул тармак толук модернизациялана турганын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өзүңүздү ар дайым сергек сезгиңиз келеби?
Өзүңүздү ар дайым сергек сезгиңиз келеби?
​Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү
​Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү
Кыргызстан - Корея аба каттамдарын ачуу аракеттери башталды
Кыргызстан - Корея аба каттамдарын ачуу аракеттери башталды
Кыргызстанда 2565 жеке ветеринар бар
Кыргызстанда 2565 жеке ветеринар бар
Бишкектеги эң популярдуу төлөм картасы болуп Visa эсептелет
Бишкектеги эң популярдуу төлөм картасы болуп Visa эсептелет
Статистика: өткөн жылы 12,9 миң тонна жүн өндүрүлдү
Статистика: өткөн жылы 12,9 миң тонна жүн өндүрүлдү
Кыргызстанда 1,4 млн тонна картошка өстүрүлдү
Кыргызстанда 1,4 млн тонна картошка өстүрүлдү
Ысык-Көл аймагында жер титиреди
Ысык-Көл аймагында жер титиреди
Кыргызстанга акча которуулардын өлчөмү 280 млн. долларга азайды
Кыргызстанга акча которуулардын өлчөмү 280 млн. долларга азайды
Кыргызстандыктардын өткөн жылдын 9 айындагы кирешеси аныкталды
Кыргызстандыктардын өткөн жылдын 9 айындагы кирешеси аныкталды
Ак сарай Nokia менен Ericssonду Huaweiге каршы койду
Ак сарай Nokia менен Ericssonду Huaweiге каршы койду
Япониядагы круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы айтылууда
Япониядагы круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы айтылууда
 Ат-Башыдагы логистикалык борбор: инвестор долбоорду токтотту
Ат-Башыдагы логистикалык борбор: инвестор долбоорду токтотту
Youtube: 15 жылдагы эң популярдуу видеолордун тизмеси чыкты
Youtube: 15 жылдагы эң популярдуу видеолордун тизмеси чыкты
Самара Каримова: Кыйынчылыктан өткөндө гана эңсегениңе жетесиң
Самара Каримова: Кыйынчылыктан өткөндө гана эңсегениңе жетесиң
Догдурбай Урмамбетов менен Лира Севендин концертине келиңиз!
Догдурбай Урмамбетов менен Лира Севендин концертине келиңиз!