Бала бакча башчылары электрондук кезек боюнча окуудан өтүп жатат

Бала бакча башчылары электрондук кезек боюнча окуудан өтүп жатат
29-Янв. 2020, Шаршемби, 10:27

Балыкчы шаарындагы бала бакча директорлору “Мектепке чейинки билим берүү уюмуна электрондук кезек” долбоорунун аймагын кеңейтүүнүн алкагында атайын окутуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай тренингдер айдын аягына чейин Чолпон-Ата жана Каракол шаарларындагы бала бакча директорлоруна да өтүлөт.

Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алууда баарына бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү жана коррупциялык схемаларды болтурбоо үчүн 2018-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Бул механизм ошондой эле тизмедеги балдарды кайталоону жокко чыгарып, тайпаларды түзүүгө жардам берет. Электрондук кезек – бала бакчага жыл бою жазылууну мүмкүндүк берет.

Бакчага элекрондук кезекке туруу үчүн ата-эне же расмий өкүлдөр http://balabakcha.edu.gov.kg сайтындагы билдирмени толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек. Алар баласынын кезегин бирдиктүү реестрдеги каттоо же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү номер аркылуу билим турса болот. Бала бакчада бош орун пайда болгондо, система аны бөлүштүрүп, ата-энелердин электрондук дарегине кезек келгендиги тууралуу билдирме жөнөтөт.

Эскерте кетсек, программа башталгандан бери Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунун Ысык-ата районундагы ата-энелер тарабынан 115 500 электрондук арыз келип түшкөн. Анын ичинен 48 миң бала бакчага кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Чачты өстүрүүчү маскалар
Чачты өстүрүүчү маскалар
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
 Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Космосбек Чолпонбаев:
Космосбек Чолпонбаев: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда