Кыргызстандыктар Белоруссияда акысыз билим ала алышат

Кыргызстандыктар Белоруссияда акысыз билим ала алышат
14-Фев. 2020, Жума, 05:44

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Белоруссиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчкону кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашып, 2020-2021-окуу жылы үчүн Белоруссия тарап Кыргызстандын жарандарына сегиз гранттык орун бөлгөнү маалым болду.

Бүгүн Белоруссияда IT-технология тармагы жакшы өнүгүп жатат. Буга чейин кыргызстандыктар сиздердин өлкөдөгү IT-академияда окуудан өтүп келишкен. Биз бул боюнча академиялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,- деди Каныбек Исаков.

Андрей Страчконун айтымында, учурда Белоруссияда 26 Кыргызстандын жараны билим алып жатат Алардын 20сы келишимдик негизде.

Быйыл Белоруссия өкмөтү чет өлкөлүк студенттер үчүн жалпы 100 гранттык орун бөлдү. Анын сегизи Кыргызстанга берилди. Грантка ээ болгон студенттер акысыз билим алат жана аларга стипендия төлөнөт. Жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкандардын стипендиясына каражат кошулмакчы”,- деди Андрей Страчко.

Жолугушууда мынданы сырткары кыргызстандыктардын Белоруссиянын баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында акысыз билим алуусу жана эки өлкөнүн техникалык багыттагы университеттеринин кызматашуусун жакшыртуу суроолору талкууланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт