Абитуриенттерди кабыл алуу башталат

21-Июнь 2017, Шаршемби

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары 2017-2018-жылдагы жаңы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуусу 10-июлдан тартып башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-тур 10-15-июлга чейин болсо, 2-тур 17-22-июлда, 3-тур 24-29-июлда (Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен) өткөрүлмөкчү.

Белгилей кетсек, быйылкы босого бал 110 балл деп белгиленген.

Адистер быйылкы окуу жылына суроо-талапка ээ кесиптер дарыгерлер, маркетолог, дизайнерлер, программисттерге, менеджерге суроо талап жогору экенин айтып келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!